КУМТӨРДҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БИШКЕК ШААРЫНЫН КУБОГУНА АРНАЛГАН ДУАТЛОН МЕЛДЕШИНЕ КАТЫШЫШТЫ

КУМТӨРДҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БИШКЕК ШААРЫНЫН КУБОГУНА АРНАЛГАН ДУАТЛОН МЕЛДЕШИНЕ КАТЫШЫШТЫ

Жарыяланган: 28 April 2025

«Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлери — Кубаныч Молдобеков, Замирбек Төрөгелдиев жана Кутман Мелисов — Бишкек шаарынын дуатлон боюнча Кубогуна катышышты. Бул спорттун түрү чуркоо, веложарыш жана кайрадан чуркоо менен айкалыштырылат.

Кумтөрдүн бул 3 кызматкери тең спорт менен көптөн бери достошуп, ар кандай мелдештерге үзгүлтүксүз катышып келишет. Алар буга чейин бир катар республикалык жана эл аралык марафондордун, жарым марафондордун, ошондой эле спорттун бир түрүн экинчисине дароо алмаштырган жана зор чыдамкайлыкты талап кылган ушул сыяктуу мелдештердин жеңүүчүлөрү болуп келишкен.

Бул мелдеш Бишкек шаарынын негизделген күнүнө арналып, студенттерден баштап тажрыйбалуу спортчуларга чейинки бардык курактагы жана кесиптеги катышуучулардын башын бириктирди.