КУМТӨРДҮН КӨМӨГҮ МЕНЕН ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

КУМТӨРДҮН КӨМӨГҮ МЕНЕН ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Жарыяланган: 28 June 2024

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому өзүнүн корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында, калктын муктаждыктарына кайдыгер карабай социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, жакырчылыкты кыскартууга, билим берүү сапатын жакшыртууга жана айлана-чөйрөнү коргоого байланышкан демилгелерди дайыма колдоп келет.

Кумтөрдүн кезектеги колдоосу жаш жеткинчектердин татыктуу тарбия алуусуна шарт түзүүгө багытталды. Июнь айынын акырында, “Кумтөр Голд Компанинин” көмөгү менен Тоң районунун Темир-Канат айылында Жолдошбек Жунушов атындагы 40 орундуу бала бакчанын курулушу толугу менен аяктады. Мындан тышкары, жергиликтүү бийликтин жана тургундардын өтүнүчү боюнча, КГК тарабынан бала бакчаны толук ишке киргизүү үчүн керектүү жабдуулар, эмеректер жана башка буюмдар сатылып алынды.

Темир-Канат айылындагы жаңы бала бакчанын ачылышында, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын президенти Алмазбек Барыктабасов “Татыктуу уул, кыздарды тарбиялоо үчүн баштапкы билим берүүнүн мааниси абдан зор. “Бүгүнкү жеткинчек – эртеңки келечек” – демекчи, балким дал ушул бала бакчадан тарбияланып чыккан бөбөктөрүбүз эртең Кыргызстанды даңазалаган, өлкөбүздү өнүктүргөн инсандардан болуп калышы мүмкүн” – деди.

Маалымат үчүн: “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому тарабынан Кыргызстандын билим берүү тармагына акыркы 1 жыл ичинде көрсөтүлгөн жардамдарын тизмектей кетсек:
– Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы билим берүү мекемелерине компьютерлер, интерактивдүү такталар жана проекторлор сатылып алынды;
– Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдарында бир нече бала бакчалардын курулушу каржыланды;
– Жети-Өгүз районунун Кароол-Дөбө жана Мундуз айылдарындагы бала бакчалар үчүн балдарга ыңгайлуу шарттарды жана заманбап коопсуз оюн аянтчасын түзүүгө жардам көрсөтүлдү;
– Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды окутуу максатында Бишкек шаарындагы №3 кесиптик лицейге кеңсе техникалары сатып алынды;
– Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун №16 мектепке чейинки билим берүү мекемесине жаңы методикалык жана дидактикалык каражаттар, китептер, акыл-эсти өстүрүүчү оюнчуктар тапшырылган.
– Балдарды коргоо жана Эл аралык майыптар күнүнө карата республика боюнча балдар үйлөрүнө жана аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына 2140 даана азык-түлүк баштыктары таратылган.
– “Чүй облусунун Москва районунун майыптары» коомдук уюмуна жана Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине коляскалар жана памперстер, гигиеналык каражаттар жана светодиоддук чырактар сатылып алынган;
– Нарын жана Ысык-Көл облустарында кичи футбол аянтчасын куруу жана стадионду реконструкциялоо долбоорлорун ишке ашырууга каржылык жардам көрсөтүлдү;
– 1 сентябрь – Билим күнүнө карата Ысык-Көл облусундагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн алгачкы ирет мектеп босогосун аттаган балдарына керектүү канцелярдык товарлар менен толтурулган 400 рюкзак таратылды.

Эске сала кетүүчү жагдай, ишкананын негизги ишмердүүлүгү Кумтөр кени жайгашкан Ысык-Көл облусунда жүргүзүлөрүн эске алуу менен, жардам көрсөтүүдө жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда негизги басым Ысык-Көл жана Нарын облустарына жасалууда.