Жарыяланган: 29 November 2024
Кумтөр алтын кен жайындагы экологиялык абалга “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын экологдору күнү-түнү тынымсыз байкоо жүргүзүп турушат. Жакында эле кен жайдын төмөнкү аймагындагы аркарлардын так санын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүлдү.
Натыйжада төмөнкү аймактарда жалгыздап жүргөн аркарлар дагы, кыркка чейинки жоон тобу менен жүргөн үйүрлөр да байкалган. 2024-жылдын ноябрь айына карата Кумтөр кен жайынын аймагындагы аркарлардын жалпы саны 140дан ашкан.