КУМТӨР ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСТУК БИРИККЕН ООРУКАНАСЫНА ӨТӨ ЗАРЫЛ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАБДЫКТАРДЫ САТЫП БЕРДИ

КУМТӨР ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСТУК БИРИККЕН ООРУКАНАСЫНА ӨТӨ ЗАРЫЛ МЕДИЦИНАЛЫК ЖАБДЫКТАРДЫ САТЫП БЕРДИ

Жарыяланган: 11 September 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын кайрылуусунун негизинде, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын Ак-Суу районунда жайгашкан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дарылоочу реабилитациялык бөлүмдүн физиотерапия кабинетине өтө зарыл болгон медициналык жабдыктарды сатып берди.

ДРТ-220 үлгүсүндөгү мурун жана тамак оорулары үчүн жогорку чыңалуудагы ультрафиолет нурланткыч чырагы жана ооруну алдын алуу, дарылоо максатында электр тогун жана электр-магнит талааларын колдонуучу Искра аппараты Кумтөр ишканасы тарабынан сатылып алынып, облустук ооруканага берилди. Бул медициналык жабдыктардын жалпы баасы 255 000 сомду түздү.

«Кумтөр Голд Компани» социалдык жоопкерчиликтүү компания катары медициналык мекемелердин жана ооруканалардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жалпы эле элеттеги элдин саламаттыгына байланышкан маселелерде биринчилерден болуп колдоо көрсөтүүгө аракет кылып келет.