КУМТӨР МЕНЕН «НАВОИ ТОО-КЕН МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК КОМБИНАТЫ» ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

КУМТӨР МЕНЕН «НАВОИ ТОО-КЕН МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК КОМБИНАТЫ» ӨЗ АРА КЫЗМАТТАШУУ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ

Жарыяланган: 20 June 2024

«Майнекс – Борбор Азия 2024» тоо-кен – геологиялык форумдун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын эң ири алтын өндүрүүчү ишканалары тоо-кен тармагында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов «Навои тоо-кен металлургиялык комбинатынын» ресурстар боюнча директору Любовь Егорова менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу учурларына токтолушту.

«Кумтөр Голд Компанинин» президенти Алмазбек Барыктабасов белгилегендей, эки ири тоо-кен компанияларынын өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүү үчүн абдан көп мүмкүнчүлүктөр бар.

«Былтыр эки ишкананын өкүлдөрү Кыргызстанда жана Өзбекстанда болушуп, өндүрүштүн абалы менен жеринде таанышып, тажрыйба алмашуу боюнча абдан маанилүү кадамдар жасалган. Бүгүн «Майнекс – Борбордук Азия» форумунун алкагында бул кызматташтыгыбызды жаңы деңгээлге чыгаруудабыз» – деди Алмазбек Барыктабасов.

«Навои тоо-кен металлургиялык комбинатынын» өкүлу Любовь Егорова эки компаниянын ортосунда тажрыйба алмашуу, анын ичинде алтын рудасын карьердик жана жер астынан казып алуу маселелери боюнча туруктуу байланыштарды түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуу «MINEX Central Asia 2024» X тоо-геологиялык форумунун алкагында өттү.

Маалымат үчүн: «Навои тоо-кен металлургиялык комбинаты» акционердик коому дүйнөдөгү эң ири алтын өндүрүүчү компаниялардын бири.

Комбинат жер астындагы запастарды геологиялык изилдөөдөн, руданы казып алуудан жана кайра иштетүүдөн даяр продукция чыгарууга чейинки өндүрүштүк толук циклди өздөштүргөн эң ири өнөр жай болуп эсептелет.

Өзбекстандын өнөр жай өндүрүшүндөгү үлүшү 13,5 пайыз, республикалык бюджетке кошкон салымы кирешенин 16 пайызын түзөт.