КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНДА ЭКИ ЖАҢЫ LIEBHERR ЭКСКАВАТОРУ ЧОГУЛТУЛДУ

КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНДА ЭКИ ЖАҢЫ LIEBHERR ЭКСКАВАТОРУ ЧОГУЛТУЛДУ

Жарыяланган: 14 May 2024

Көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу кен жайга бөлүк-бөлүк болуп жеткирилген эки жаңы Liebherr экскаваторун Кумтөрдүн адистери курап чыгышты.

Жаңы экскаваторлордун ишке кириши менен тоо-кен жумуштарынын көлөмүн арттырууга, келечекте техниканын токтоп турууларын минималдаштырууга шарт түзүлөт. Ошондой эле капиталдык ремонтко кеткен чыгымдар кескин азайтылат. Тагыраак айтканда, ар бир экскваторду тейлөөдөн бир топ каражаттар үнөмдөлмөкчү.

Мындан тышкары, ишкананын адистери 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан эки Liebherr R9350 Spavel экскаваторлорун толук капиталдык оңдоодон өткөрүштү. Алар толугу менен чачыратылып, кайра чогултулган. Ремонтко муктаж баардык тетиктери оңдолуп, айрымдары жаңысына алмаштырылган.

Өндүрүүчү компаниянын сунушуна ылайык, Liebherr экскаваторлорунун иштөө мөөнөтү 100 000 жумушчу саатты түзөт.

Бул экскаваторлор белгиленген чектен ашкан жана өз убагында аткарылган капиталдык иштер алардын кызмат мөөнөтүн узартууга жана келечекте өндүрүштө ийгиликтүү колдонууга мүмкүндүк берет.