“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН” ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ HR КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН” ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ HR КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Жарыяланган: 16 September 2024

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКын президенти Алмазбек Барыктабасов ишкананын HR адистерин кесиптик майрамы – HR кызматкерлеринин күнү менен куттуктады!

«Урматтуу кесиптештер! Сиздерди “Кумтөр Голд Компанинин” жетекчилигинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – HR кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

«Кадрлар бардыгын чечет» деген сөз бар. Биздин компания бийик тоолуу шартта алтын казып алуу менен алектенерин эске алсак, бул учкул кеп өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү күндө «Кумтөр Голд Компаниде» 3 миңден ашык кызматкер эмгектенет, алардын ар бири өз тармагынын чыныгы кесипкөй адистери. Бийик тоолуу, аба ырайынын татаал шарттарында, 2 апталык вахта режиминде иштөөгө жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистерди тандап алуу оңой-олтоң иш эмес. Сиздердин аркаңыздар менен биздин ишканада кадрларды тандоо, башкаруу жана эсепке алуу, аларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иштер жогорку деңгээлде уюштурулганын сыймыктануу менен баса белгилегим келет. Алдыда бизди абдан маанилүү, чоң иштер күтүп турат. Бул максаттарга жетүү үчүн силердин сунушуңар менен тандалган адистерибиз татыктуу саламын кошот деп ишенебиз.

Кесиптик майрамыңыздарда сиздерге чың ден соолук, бейпил асман, бакыт-таалай жана жаңы кесиптик бийиктиктерге жетишүүнү каалайм!»