«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЫСЫК-КӨЛДҮН ЖЭЭГИН ЖАНА КӨЛДҮН ТҮБҮН ТАШТАНДЫЛАРДАН ТАЗАЛАШТЫ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЫСЫК-КӨЛДҮН ЖЭЭГИН ЖАНА КӨЛДҮН ТҮБҮН ТАШТАНДЫЛАРДАН ТАЗАЛАШТЫ

Жарыяланган: 10 September 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун демилгеси менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда Ысык-Көлдүн жээгин жана түбүн тиричилик таштандыларынан тазалоо боюнча иш-чара өткөрүлдү.

«Кумтөр Голд Компанинин» президенти Алмазбек Барыктабасов Ысык-Көлдүн флора жана фаунасын сактоо үчүн бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, бул акция Кумтөр ишканасынын “Эко-Сезим” долбоорунун алкагында уюштурулуп жатканынын кошумчалады.

“Кезектеги экологиялык акциябызды дал ушул ыйык көлүбүздү тазалоого арнаганыбыз да жөн жерден эмес. Анткени Ысык-Көл – жаратылыштын бизге берген баа жеткис белеги. Мындай уникалдуу жерге кам көрүү, келечек муундар үчүн таптаза бойдон сактап калуу – канчалык маанилүү экенин ар бирибиз билишибиз керек. Бул аракетибиз башкаларды да ушундай жакшы иштерге катышууга шыктандырат деп ишенебиз” – деди компания башчысы.