«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» АВТОПАРКЫ АТА МЕКЕНДИК «CHEVROLET TRACKER» КРОССОВЕРЛЕРИ МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» АВТОПАРКЫ АТА МЕКЕНДИК «CHEVROLET TRACKER» КРОССОВЕРЛЕРИ МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ

Жарыяланган: 23 October 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому ата мекендик өндүрүштү колдоо жана компаниянын паркын жаңыртып, модернизациялоонун алкагында корпоративдик автопарк үчүн «Тулпар Моторс» заводунан чыгарылган бир нече «Chevrolet Tracker» кроссоверин сатып алды.

Белгилей кетсек, сатып алынган «Chevrolet Tracker» унаалары кызмат мөөнөтү аяктап бараткан кроссоверлерди алмаштырат.

Ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган бул автоунаалар компаниянын Бишкек шаарындагы жана аймактардагы кызматтык максаттары үчүн колдонулат.