«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАКынын ТАШТАНДЫЛАРЫН КАЙРА ИШТЕТҮҮГӨ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ БОЮНЧА

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАКынын ТАШТАНДЫЛАРЫН КАЙРА ИШТЕТҮҮГӨ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 13 March 2025

ТАБЫШТАМАНЫ ТАПШЫРУУГА ЭҢ АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ:: 2025-жылдын 24-мартында саат 14:00 чейин.

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын Айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмү, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсынын таштандыларын кайра иштетүүгө өткөрүп берүү боюнча сунуштарды кабыл алуу процедурасын жүргүзөт, жана ушуга байланыштуу юридикалык жактарды, жеке ишкерлерди (мындан ары сатып алуучулар) төмөнкү продукцияны сатып алуу боюнча сунуштарды берүүгө чакырат:

Таштандылардын аталышы (колдонулган) Болжолдуу саны, тоннасы/жылына
1 Полиэтилен жана полипропилен каптарды (биг-бэгдер) 300

Эскертүү:

  1. Кайра иштетүү үчүн өткөрүп берүү пункту Балыкчы шаарында же Кумтор кенинде жайгашмакчы.
  2. Буйрутмачы таштандыларды товардык-транспорттук жолбарак аркылуу Сатып алуучулар өткөрүп берет
  3. Таштандылардын чыныгы саны КГКнын унаа таразасы менен тартылып аныкталат.

Сунушу сатуу шарттарына жооп берген жана эң жогорку бааны камтыган адам Сатып алуучу болуп тандалат.

Таштандыларды жүктөп жөнөтүү келишим түзүлгөндөн кийин жана ар бир партия үчүн 100% алдын ала төлөнгөндөн кийин жүргүзүлөт.

Сатып алуучуга коюлган талаптар:

1. Таштандыларды өткөрүп берүү жөнүндө сунуш бергенде талап кылынуучу документтер:

  • Мыйзам менен белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн укуктук статусун, каттоонун жайын жана ишмердиктин негизги түрүн аныктоочу документтердин түп нускаларынын көчүрмөлөрү (уюштуруу документтери, каттоо күбөлүгү, уставдын көчүрмөсү, ыйгарым укуктуу органдын директорду дайындоо жөнүндө чечиминин көчүрмөсү, директордун паспортунун көчүрмөсү, иш жүргүзүүгө укугу бар адамдын ишеним каты).
  • Салыктар, Социалдык фондго төлөмдөр боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын бар же жоктугу жөнүндө маалымат.

2. Сунуш ушул Табыштамага №1 Тиркемесинин формасына ылайык жана Техникалык Тапшырманын ылайык түзүлүүшү керек жана  bigbeg2025@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүүшү керек. Сунушка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кол коюуга ыйгарым укуктуу адам кол коюуга тийиш. Сунуш ошондой эле Сатып алуучу тарабынан мөөр менен бекитилүүгө тийиш.

3. Бардык баалар Кыргыз сомунда көрсөтүлүшү керек.

Сунуштарды алуу:

  1. Сатуу шарттарын тактоо боюнча суроолор боюнча, төмөнкү электрондук дарегине жөнөтүңүздөр: Altynai.keldikeeva@kumtor.kg   же телефон аркылуу жалыңыз: +996–312-90-07-07, кошумча №: 24262. Мобилдик телефон: +996 555 455 406
  2. Сатып алуу сунуштардын документтери тиркемеси менен төмөнкү электрондук дарегине гана жөнөтүлөт: bigbeg2025@kumtor.kg
  3. Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 24-марты саат 15:00гө чейин.

Сатып алуучунун кызматкерлерине талаптар:

  1. Сатып алуучунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында жайгашкан жана таштандыларды жүктөөнү жана өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырган кызматкерлери эмгекти коргоо талаптарын аткарууга милдеттүү.
  2. Сатып алуучунун кызматкерлери Буйрутмачынын окутуу борборунда эмгекти коргоо боюнча билимдерин текшерүүдөн өтүүгө жана эмгекти коргоо боюнча билимдин белгиси бар сертификатка ээ болууга тийиш.
  3. “Кумтөр” ишканасынын аймагына биринчи жолу барганда Сатып алуучунун кызматкерлери эмгекти коргоо жана коопсуздук, өрт коопсуздугу боюнча тааныштыруу инструктажынан өтүшүп, баштапкы инструктаждан өтүшү керек.
  4. Сатып алуучунун кызматкерлери “Кумтөр” аймагында жүргөн учурда атайын кийим жана атайын бут кийим, коргоочу шлем, көз айнек кийиши керек.
  5. “Кумтөр” аймагында бекитилген маршруттарга ылайык жүрүү керек.
  6. Уруксатсыз, уруксат берилбеген жерлерге кирүүгө болбойт.

 

Кошумча:

  1. КОНКУРСТУК ТАБЫШТАМА
  2. ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА