«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЫСЫК-КӨЛДӨ БАЛЫКТЫН САНЫН КӨБӨЙТҮҮГӨ КӨМӨКТӨШҮҮДӨ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЫСЫК-КӨЛДӨ БАЛЫКТЫН САНЫН КӨБӨЙТҮҮГӨ КӨМӨКТӨШҮҮДӨ

Жарыяланган: 24 March 2025

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Канатбек Кадыров Ысык-Көлгө 500 миң форель жана 5 миллион сига (лудога) балыктарынын чабактарын кое берүү аземине катышты.

«Негизги өндүрүштүк ишмердүүлүгүн Ысык-Көл облусунда жүргүзгөн биздин ишкана аймактын экологиясын сактоого өзгөчө маани берет. Көлдөгү балыктын санын көбөйтүү үчүн “Кумтөр Голд Компани” тарабынан буга чейин да ар кандай колдоолор көрсөтүлүп келген жана мындан ары да бул иш улантыла бермекчи. Анткени Ысык-Көлдү, анын флорасын жана фаунасын коргоо – биздин ишкананын коом алдындагы негизги  милдеттердин бири деп эсептейбиз. Бүгүн 5,5 миллион форель жана сига балыктарынын чабактарын Ысык-Көлгө коё бердик. Ысык-Көлдө балыктын санын көбөйтүүгө аракет кылып жаткан Тоң балык заводунун кызматкерлерине да өзгөчө ыраазычылык билдирем», – деди Канатбек Кадыров.

Белгилей кетсек, 2023-жылы «Кумтөр Голд Компани» тарабынан 1200 чарчы метр аянттагы инкубациялык цехтин жана балык өстүрүүчү питомниктин жаңы имаратынын курулушу үчүн архитектуралык к орутундусун жана долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга 982 миң сом бөлүнгөн.

Быйыл Ак-Терек дарыясынын Ысык-Көлгө куйган жерине урук чачуу мезгилинде балыктын эндемикалык түрлөрүн сактап калуу үчүн жеңил конструкциядагы курулуш үчүн ишкана тарабынан 500 миң сом бөлүнгөн. Объект жакында даяр болот.