«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЖАНА ӨНӨКТӨШТӨРҮН ОРОЗО АЙТ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ!

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЖАНА ӨНӨКТӨШТӨРҮН ОРОЗО АЙТ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ!

Жарыяланган: 29 March 2025

Урматтуу кесиптештер, “Кумтөр Голд Компанинин” Башкармалыгынын атынан сиздерди Рамазан айынын аякташы жана келе жаткан ыйык Орозо айт майрамы менен чын дилден куттуктайбыз!

Бир ай бою кармаган орозонун аркасы менен жан дүйнөбүз тазаланып, ыйманыбыз бекемделип, Жаратканга жакындап эркибиз сыналды. Ошону менен бирге бул улуу айда тилектерибиз, соопчулук иштерибиз кабыл болуп, жалпы өлкөбүзгө, ар бирибиздин үйүбүзгө кут, береке орноп, ырыскыбыз арта берсин.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат жашоо, ишиңиздерге зор ийгиликтерди жана коопсуз эмгекти каалайбыз. Кармаган орозоңуздар кабыл болуп, ойлогон ой-максаттарыңыз, таза ниеттериңиз орундалсын.

Айтыңыздар маарек болсун!