Жарыяланган: 20 March 2025
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Башкармалыгы компаниянын кызматкерлерин жана өнөктөштөрүн күн менен түн теңелген, улустун улуу күнү болгон улуу Нооруз майрамы менен куттуктайт!
«Урматтуу кесиптештер жана өнөктөштөр! «Кумтөр Голд Компанинин» Башкармалыгынын атынан бардыгыңыздарды жаздын келишин жар салган Нооруз майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Нооруз майрамынын руханий мааниси терең жана кылымдарды карыткан байыркы тарыхы бар. Эзелтеден элибиз Ноорузду жаратылыштын ойгонушу, жаңы жашоонун башталышы деп зор кубаныч, шыктануу менен тосуп алышчу.
Бүгүн дагы баарыбыз Нооруздун, жаздын келишин чыдамсыздык менен күтөбүз. Анткени Нооруз жаңылануунун, жаңы максаттарга, жаңы бийиктиктерге умтулуунун мезгили.
Быйылкы жыл ар бириңиздер үчүн жана бүтүндөй «Кумтөр Голд Компани» үчүн ийгиликтүү жана жемиштүү болуп, жашооңор жаркын окуяларга бай болушуна чын жүрөктөн тилектешпиз!
Бардыгыңыздарга бакыт-таалай, бакубатчылык, жакшы маанай жана бардык пландарыңыздын аткарылышын каалайбыз!
Майрамыңыздар менен!»