Жарыяланган: 23 February 2025
Урматтуу кесиптештер!
«Кумтөр Голд Компани» 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайт!
Бул күн расмий майрам болбосо да, эр жүрөктүүлүктүн, кайраттуулуктун жана өз ишине берилгендиктин символу катары жакшы салтка айланып калды. Ал жоопкерчиликтен качпаган, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошкон ар бирибиз үчүн маанилүү.
Кумтөрдүн тоо-кенчилери – бул туруктуулуктун, өзгөчө мүнөздүн үлгүсү. Бийик тоолордо, татаал шарттарда эмгектенип, өлкө экономикасы үчүн маанилүү ишти аткарып жатасыздар. Сиздердин эмгекчилдикке, кесипкөйлүккө жана ынтымакка ширелген эркиңер – баарыбыз үчүн зор сыймык.
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге дагы да зор жетишкендиктерди каалайбыз!
Майрамыңыздар менен, урматтуу Кумтөрдүн мырзалары!