КУМТӨР АЙМАКТАРДАГЫ СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТИЛЕРДИН КУРУЛУШУН КАРЖЫЛООНУ УЛАНТУУДА

КУМТӨР АЙМАКТАРДАГЫ СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТИЛЕРДИН КУРУЛУШУН КАРЖЫЛООНУ УЛАНТУУДА

Жарыяланган: 06 August 2024

«Кумтөр Голд Компани» аймактардагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган социалдык маанилүү объектилердин курулушун каржылоону улантууда.

2024-жылдын биринчи жарымында компаниянын колдоосу менен Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын аймагында кичи футбол аянтчасы ачылып, окуучуларга зор кубаныч тартуулаган. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн алтын өндүрүүчү компания каражат бөлүп берген.

Ошондой эле Нарын районунун Жаңы-Жол айылындагы орто мектептин информатика кабинетин жабдууга дагы каржылык жардам бөлүнгөн.

Билим берүү тармагын колдоонун алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында жайгашкан №55 кесиптик лицейге «Кумтөр Голд Компани» тарабынан кошумча жардам көрсөтүлдү. Аталган окуу жайдын 80 орундуу жатаканасынын курулушуна жана Жети-Өгүз районунун борбору – Кызыл-Суу айылындагы 100 орундуу филиалынын ачылышына Кумтөр каржылык көмөк көрсөткөн.

Мындан тышкары, Тоң районунун Темир-Канат айылындагы 40 орундуу, Ак-Суу районунун Ак-Суу айылындагы 120 орундуу бала бакчалардын курулушун каржылап, керектүү эмеректер, жабдыктар менен камсыздап берген.

Белгилей кетсек, «Кумтөр Голд Компани» өлкөнүн ири өнөр жай ишканасы катары аймактарда социалдык маанидеги объектилерди курууга ар дайым колдоо көрсөтүп келет.
Кумтөр мындан ары дагы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшүүчү социалдык объектилерди өнүктүрүүгө жигердүү салымын кошо бермекчи.