КУМТӨР УЛУТТУК ГОСПИТАЛДЫН БОРБОРДУК ЛАБОРАТОРИЯСЫН ТОЛУК ОҢДОП-ТҮЗӨӨДӨН ӨТКӨРДҮ

КУМТӨР УЛУТТУК ГОСПИТАЛДЫН БОРБОРДУК ЛАБОРАТОРИЯСЫН ТОЛУК ОҢДОП-ТҮЗӨӨДӨН ӨТКӨРДҮ

Жарыяланган: 27 September 2024

«Кумтөр Голд Компани» үчүн Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын колдоо өзгөчө мааниге ээ. 2022-жылдан 2024-жылга чейин өлкөдө медициналык тейлөөнү жакшыртууга багытталган бир нече олуттуу долбоорлор ишке ашырылды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталды уникалдуу «Leica M 530 OHX2» нейрохирургиялык микроскобу менен жабдуу бул багыттагы негизги кадамдардын бири болуп калды. Жогорку тактыктагы бул жабдыктын жардамы менен өтө татаал операциялар жасалып, медициналык тейлөөнүн сапаты бир топ жакшырды.

КГК ошондой эле Улуттук госпиатлдын борбордук лабораториясын капиталдык оңдоодон өткөрүүнү каржылап, медициналык кызматкерлердин заманбап шартта иштөөсүнө, диагностикалык мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейишине шарт түздү. “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы үчүн жаңы павильон сатып алууга да каржылык көмөк көрсөттү.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын башчысы Алмазбек Барыктабасов Улуттук Госпиталдын жамааты менен болгон жолугушууда: “Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты – Президентибиз урматтуу Садыр Нургожоевич тарабынан аныкталган негизги улуттук артыкчылык экенин эске алып, “Кумтөр Голд Компани” коом алдындагы өзүнүн социалдык милдеттерин аткарууда саламаттыкты сактоо тармагына дагы өзгөчө колдоо көрсөтүүдө”-деди.

Маалымат үчүн: Кумтөр өлкөнүн аймактарындагы бир катар медициналык мекемелерге медициналык жабдууларды сатып алууга жана оңдоого каражат бөлгөн. Ошондой эле медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн адистерди даярдоо жана саламаттыкты сактоо борборлорун жаңы техникалык каражаттар менен камсыздоо боюнча колдоо көрсөтүлдү.