«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ БАКТЫБЕК ТУРУСБЕКОВ ЫСЫК-КӨЛДҮ СҮЗҮП ӨТТҮ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ БАКТЫБЕК ТУРУСБЕКОВ ЫСЫК-КӨЛДҮ СҮЗҮП ӨТТҮ

Жарыяланган: 12 August 2024

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мүчөсү Бактыбек Турусбеков Issyk-Kul Swim Challenge 2024 эл аралык спорттук жыл сайын өтүүчү мелдешке катышты.

Бактыбек Турусбеков өткөн ишемби күнү Ысык-Көлдө 14 чакырым аралыкты сүзүп өтүп, Парижде болуп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында катышып жаткан кыргыз спортчуларына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арнады.

Сууда сүзүү маршруту Ысык-Көлдүн түштүк жээгинен башталып түндүк жээгине чейин созулуп, жалпы 7 саат убакытты алды. Анда Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын сууда сүзүү сүйүүчүлөрү менен кошо тажрыйбалуу спортчулар катышкан.

Белгилей кетсек, Бактыбек Турусбеков ачык сууда сүзүү боюнча көптөгөн мелдештерде катышкан белгилүү спортчу. Былтыр, ал өзүнүн курактык категориясы боюнча “13 Bridges” марафонунда жеңишке жетип, Россиядагы Нева дарыясы боюнча 27 чакырым аралыкты сүзүп өткөн.