Жарыяланган: 28 April 2025
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Директорлор кеңеши жана Башкармалыгы компаниянын кызматкерлерин жана өнөктөштөрүн Бүткүл дүйнөлүк Эмгекти коргоо күнү менен куттуктайт!
«Урматтуу кесиптештер! Эмгекти коргоо күнү – бул жөнөкөй майрам эмес, бул жумушта коопсуздук эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эске салган өзгөчө дата.
Жашоо – бул ар бирибизге берилген эң баалуу нерсе. Дал ошону баалап, барктап, өндүрүштө жаракаттарсыз, кырсыктарсыз иштеп, жашообузду жалаң позитивдүү эмоцияларга толтуралы.
Биз «Кумтөр Голд Компани» кен жайда жана кеңседе иштеген кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн тынымсыз аракет кылып, тобокелдиктерди азайтуу менен кырсыктардын нөлдүк көрсөткүчүнө жетүүгө умтулуудабыз.
Бул максатка жетүү үчүн компаниянын бардык кызматкерлери өзүнүн жана кесиптештеринин коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болууга тийиш.
Эң башкысы, техникалык коопсуздук эрежелерин эч убакта эсиңизден чыгараңыз. Эмгек коопсуздугун сактоодо бири-бириңиздерге жардам берип, дайыма колдоп туруңуздар.
Эмгекти коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүндө ар бириңиздерге бекем ден соолук, жаркын маанай жана бакубатчылык каалайбыз!»