Жарыяланган: 15 November 2024
Салтанаттуу иш-чара Басма сөз жана маалымат күнүнө карата уюштурулгандыгын айткан ишкана жетекчиси Алмазбек Барыктабасов:
«Бул майрам календардагы жөн эле күн эмес, баарыбыз үчүн маанилүү дата. Анткени элге туура, тастыкталган маалыматты таркатуу жоопкерчиликтүү, абдан түйшүктүү иш. Массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө коомдун үнү, мамлекеттин жүзү катары өтө чоң милдет тагылган. Кумтөр кенин мамлекет менчигине алууда да силердин эмгегиңер, салымыңар эбегейсиз болду», – деп баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында Алмазбек Барыктабасов «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн ар тараптуу жана объективдүү чагылдырганы үчүн бир катар маалымат каражаттарына жана журналисттерге «Алтын Салым» сыйлыгын тапшырды.