Жарыяланган: 04 February 2013
2012-жылдын декабрынын башталышында Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКына бир катар олуттуу дооматтарды жана эскертүүлөрдү берген.
Компания Мамлекеттик инспекция тарабынан коюлган дооматтардын маңызы менен таанышып чыкты жана аларды тыкан анализдеди жана алар менен макул эместиги жөнүндө Маминспекциянын директорунун, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин дарегине 2013-жылдын 4-январында арызды, а 28-январда кеңири жоопторду жана арызга негиздемелерди жөнөттү.
«Кумтөр Оперейтинг Компани» коюлган дооматтар менен макул эмес жана бул дооматтарда камтылган тастыктоолор ашыкча жана негизсиз деп эсептейт. Компания дайыма Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана ылайык иштеп келген жана иштеп жатат. Дооматтарда айтылган ишмердүүлүк, атап айтканда алтынды казып алууга жана “төгүндү тектерди” жайгаштырууга тиешелүү ишмердүүлүк дайыма тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бекитилген. Иштердин бардык түрлөрү тоо-кен иштеринин пландарында кеңири сүрөттөлөт, алар да жыл сайын өлкөнүн мамлекеттик органдары тарабынан бекитилет.
Компания Маминспекциянын жана өкмөттүн дарегине өзүнүн жоопторун корпоративдик сайтта тааныша аласыздар.