КГКНЫН ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ ЭЛ АРАЛЫК «MINEX CENTRAL ASIA 2024» ФОРУМУНДА СӨЗ СҮЙЛӨДҮ

КГКНЫН ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ ЭЛ АРАЛЫК «MINEX CENTRAL ASIA 2024» ФОРУМУНДА СӨЗ СҮЙЛӨДҮ

Жарыяланган: 19 June 2024

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов “MINEX Central Asia 2024” X тоо-кен-геологиялык форумунун “Минералдык-ресурстук потенциалды ачуу – тоо-кен тармагынын лидерлеринин жана эл аралык инвесторлордун ролу” деп аталган пленардык жыйында сөз сүйлөдү.

Алмазбек Барыктабасов баяндамасында бүгүнкү форумга катышып жаткан компаниялардын дүйнөлүк экономикадагы ордо өзгөчө экенин баса белгилеп, «Кумтөр Голд Компани» дагы мезгил агымынан артта калбай, алдыга ишенимдүү кадам таштап келе жатканын кошумчалады.

«Кумтөр» кенинде 2022-2023-жылдарга карата алтын өндүрүүнүн көлөмү 30 872 кг алтынды түздү. Ишкананын бюджетке жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна болгон чегерүүлөрү эки жыл ичинде 583 млн 785 миң доллардан же 49,4 млрд сомдон ашты. 2022–2023-жылдары алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 1 миллиард 835 миллион 5 миң АКШ долларын түздү. Акыркы эки жылда таза кирешебиз 674,2 миллион доллар болду. 2022-жылга дивиденд түрүндө 140 миллион АКШ доллары төлөнсө, өткөн 2023-жыл үчүн 151,3 миллион доллар төлөнүүдө. Быйыл 12,5 тонна алтын алууну пландап жатабыз», – деди ал.

Мындан тышкары Кумтөрдүн жетекчиси ишканада орун алган жаңыланууларга дагы кеңири токтолду. Компаниянын баардык объектилериндеги күйүүчү-майлоочу материалдарды эсепке алуунун жана чыгымдарды оптималдаштыруунун автоматташтырылган системасы ишке киргизилип, мунун аркасынан өткөн жылы эле 17 миллион доллар үнөмдөлгөнүн айтты.

«Учурда Балыкчы шаарында ири май куюучу комплекс курулуп жатат, анда кен жайынын керектөөлөрү үчүн эки айлык күйүүчү майдын запасы сакталат. Кумтөр республикадагы дизелдик отундун эң ири керектөөчүсү экенин эске алганда, форс-мажордук кырдаалда бул өтө маанилүү. Ошондой эле, өткөн жылы кен жайдагы алтын ылгоочу фабрикада эки жаңы тик тегирмен жана заманбап эритүүчү чандарды ишке бердик. Муну менен жылына кошумча 12 миң унцияга чейин алтын алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү», – деп белгиледи Алмазбек Барыктабасов.

«Кумтөр Голд Компани» жаңы долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө тынымсыз иштеп жатканын белгилеген Алмазбек Барыктабасов:
«Былтыр Кумтөр кенинен 200 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан 17 тоннага жакын алтындын запасы бар Тоголок алтын кенин өздөштүрүү жана Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштерин баштадык. Мындан бир нече ай мурун Кумтөр кен жайында алтынды жер астынан казып алуу долбоорун ишке ашыруу боюнча алгачкы жумуштар башталды. Жер астынан алтын казуу долбоору аркылуу кошумча 115 тонна алтын алуу пландалууда. Жакынкы аралыкта калдык сактоочу жайды дагы кайра иштетүүнү пландап жатабыз», – деди.