ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ АЗИС САПАРАЛИЕВ КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНА БАРДЫ

ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ АЗИС САПАРАЛИЕВ КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНА БАРДЫ

Жарыяланган: 02 August 2024

Азис Сапаралиев Кумтөргө болгон сапарында, кен жайдын борбордук карьерин, алтын ылгоочу фабриканын иши менен таанышып, калдык сактоочу жайды да көрүп чыкты.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун өндүрүш боюнча вице-президенти Кубанычбек Турдукожоев кен ишканасында экологиялык, коопсуздук техника талаптары так сакталып жатканын айтты. Ошондой эле жер астынан алтын казуу долбоору, Тоголок кенин комплекстүү өздөштүрүү иштери дагы активдүү улантылып жатканын кошумчалады.

«Жер астынан алтын казуу жана калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоорлорун ишке ашыруу менен ишкана кошумча алтын казып алуу пландалууда», – деп белгиледи ал.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев бардык өндүрүштүк иштерде экологиялык нормативдерди так сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Ишкана улуттук экономика үчүн абдан маанилүү. Бул жерде үч миңден ашуун адис иштейт. Ошондуктан кен жайда жүргүзүлүп жаткан жумуштар мыйзамдык жана укуктук ченемдерди так сактоо менен ишке ашырылышына баарыбыз кызыкдарбыз. Жамаатыңар өз ишин мыкты билген кесипкөйлөрдөн түзүлгөнүн эске алуу менен ишкананын бүткүл өлкөнүн кызыкчылыгында үзгүлтүксүз иштешин камсыздай аларына ишенем», – деди ал.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча компания тарабынан 13 567 кг алтын өндүрүлүп, өлкө бюджетине салык, социалдык жана башка төлөмдөр түрүндө 17,2 млрд сом которгон. Мындан тышкары, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча дивиденд түрүндө 151,3 млн АКШ доллары төлөнүүдө.