ЮРИДИКАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 23 April 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 12.05.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Юридикалык бөлүмүнө эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Юриспруденция багыты боюнча жогорку билим (2019-жылдан 2024-жылга чейин бүтүрүүчүлөрдүн арыздары кабыл алынат);
- Кесиптик тажрыйба;
- MS Office, анын ичинде Excel программаларын ишенимдүү билүү;
- Иш кагаздарын жүргүзүү көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө;
- Кыргыз жана орус тилдерин билүү (англис тилин билүү артыкчылыкка ээ);
- Стресске туруктуулук, командада иштей билүү;
- Аналитикалык ой жүгүртүү жана көңүл буруу.
Милдеттер:
- Документтердин баштапкы долбоорлорун даярдоо;
- Бөлүмдүн архивин жүргүзүү;
- Маалыматтык маалым каттарды даярдоо;
- Бар болгон иштер боюнча сот актыларынын даярдыгын көзөмөлдөө жана өз убагында алуу;
- Юридикалык бөлүмдүн кызматкерлерине техникалык жардам көрсөтүү.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
- Такшалманын графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 12-майында 16:00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.