МАК-КАМАЗ ПЛАТФОРМАСЫНЫН АЙДООЧУСУ
Жарыяланган: 25 August 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Мак-Камаз платформасынын айдоочусу
Билдирүүнүн номери: KGC-22-239
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Чакан жана узун платформаларда ар кандай жүктөрдү жана контейнерлерди ташуу;
- Транспорттоо учурунда жүк коопсуздугун камсыз кылуу;
- Бетон аралашмасын бетон аралаштыргыч машинада ташуу;
- Машинаны техникалык жактан жакшы абалда кармоо.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- “С” жана “Е” категорияларындагы айдоочулук күбөлүгү;
- Жол кыймыл эрежелерин; прицеби бар жана жок жүк ташуучу унааларды айдоо эрежелерин; жүк ташуучу унаалардын түзүлүшүн, иштөө принциптерин, техникалык өзгөчөлүктөрүн жана иштетүү эрежелерин; тоолуу шарттарда жүк ташуучу унааларды айдоо эрежелерин; жүктү түшүрүү жана жүктөө үчүн унааны токтотуу эрежелерин ири көлөмдүү жүктү ташуу эрежелерин; жүктү платформага бекитүү, жайгаштыруу жана бөлүштүрүү эрежелерин билүү;
- Тоо шарттарында тажрыйбасы болуу артыкчылыкм болуп саналат.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 5-сентябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-239.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.