ВИДЕОБАЙКОО СИСТЕМАЛАРЫНЫН ТЕХНИК-ОПЕРАТОРУ

ВИДЕОБАЙКОО СИСТЕМАЛАРЫНЫН ТЕХНИК-ОПЕРАТОРУ

Жарыяланган: 22 April 2022

Жабык

“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК 

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Видеобайкоо системаларынын техник-оператору (Бишкек кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-146 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Видеобайкоо тутумдарын, күзөт сигнализациясын, кирүүнү көзөмөлдөө жана башкаруу системасын колдонуу жана тейлөө;
  • Коопсуздук системаларынын маалымат базасын башкаруу, чип ачкычтарын жана ID-карталарды чыгаруу;
  • КГКнын кеңсеси жана башка объектилери үчүн инженердик-техникалык коопсуздук системаларын долбоорлоого, орнотууга жана оңдоого катышуу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

Билими, квалификациясы:

  • IT, ССК, электроника же чектеш адистиктер боюнча жогорку же орто атайын билим;
  • Укук коргоо органдарында, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана күч түзүмдөрүндө иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.

Билимдери жана көндүмдөрү: 

  • Системалык администратордун негизги деңгээлинде компьютердик системаларды жана байланыш тармактарын билүү

Жеке сапаттары:

  • Аткаргычтык, баарлаша билүү, окууга жөндөмдүүлүк, тартиптүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк
  • Ден соолугу чың, бийик тоолуу шарттарда иштөөгө даяр, физикалык даярдыгы жакшы болуу

Кошумча көндүмдөр (тилдерди, компьютердик программаларды ж.б. билүү):

  • “В” категориясындагы айдоочулук күбөлүк;

 Анкета жана резюмени 2022-жыл 10-май саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-146.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.