Жарыяланган: 14 January 2025
Жети-Өгүз районунун Балтабай айылынын 9-классынын окуучусу Атабек Бейшебаев Азия өлкөлөрүнүн арасында өткөн химия боюнча олимпиадада күмүш медаль тагынды.
Атабек башка сабактарга караганда химияны өзгөчө жакшы көрөт. Аны жакшыраак окуш үчүн 7-классында ата-энесинен суранып, Караколдогу Кыргыз-түрк лицейине которулган.
Келечекте Атабек мыкты врач болууну, академик Мамбет Мамакеевдей болуп элдин өмүрүн сактап калууну кыялданат.
Атабектин бул олимпиадага катышуусу үчүн «Кумтөр Голд Компани» 112 миң сом бөлгөн.
«Кумтөр Голд Компани» Атабек Бейшебаевди, анын ата-энесин жана мугалимдерин мындай эл аралык чоң сынактагы күмүш медалы менен чын жүрөктөн куттуктайт жана ага жаңы жеңиштерди, зор ийгиликтерди каалайт!