КАЗЫНАЛЫК БУХГАЛТЕР (Бишкек офиси)
Жарыяланган: 12 November 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Казыналык бухгалтер (Бишкек офиси)
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0253
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Металлдын поставкалары боюнча бухгалтердик эсеп жүргүзүү, калкуляциясын да кошо жүргүзүү, төлөм тапшырыктарын даярдоо, эсептерди чыгаруу;
- Поставкалар боюнча баштапкы документтерди текшерүү жана сактоо;
- Мамлекеттик органдар менен иштешүү, өзүнүн бөлүмүнүн компетенциясынын алкагында иш-кагаздарын жүргүзүү;
- Бөлүмдүн келишимдери жана жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгууга, өзгөртүүгө кошумчалаганга катышуу;
- Тиешелүү мамлекеттик органдарга жана мекемелерге өз убагында маалымат берүү;
- Керектүү бугалтердик проводкаларды даярдоо;
- Компаниянын жетекчилиги менен аудиторлордун талабына ылайык зарыл отчетторду даярдоо;
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Жогорку финансылык-экономикалык билим;
- Адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жана нормативдик актыларын билүү;
- Жогорку аналитикалык жөндөмдүүлүк;
- Көп көлөмдүү маалымат менен, жана ошондой эле көп тапшырмалуу режимде иштей билүү;
- Мыкты командалык жана баарлашуу көндүмдөрү болуу тыкан, эмгекчил, жана стресске туруктуу болуу;
- MS Office пакетин колдоно билүү; Excel менен жакшы иштей билүү;
- Англис тилин Upper Intermediate деңгээлинен төмөн эмес билүү, жана кыргыз тилин билүү (артыкчылык)
Анкета жана резюмени 2021-жыл 28-ноябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0253.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.