ТРАНСПОРТ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 06 March 2024
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында транспорт бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку билимдин болушу;
- Англис тилин милдеттүү түрдө билүү;
- Microsoft Office программаларын ишенимдүү колдонуу;
- Туристтик кызмат көрсөтүү тармагында тажрыйбага артыкчылык берилет;
- Натыйжалуулук жана командада иштөөгө каалоо.
Милдеттер:
- Түздөн-түз жетекчинин тапшырмасы боюнча буйруктарды аткарат жана эмгек операцияларын аткарат;
- Кыргыз Республикасына визаларды берүү боюнча адиске көмөк көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык консулдук кызматтарында визалык жол-жоболорду контролдойт жана Компаниянын чет өлкөлүк кызматкерлери жана коноктору үчүн визалардын өз убагында алынышын камсыздайт;
- Виза режими бар өлкөлөргө иш сапарга жөнөтүлгөн Компаниянын жергиликтүү кызматкерлерин виза менен камсыздоо боюнча иштерди аткарууга көмөк көрсөтөт;
- Зарыл болгон учурда Компаниянын конокторуна визалык колдоо көрсөтүү боюнча иш алып барат;
- Компаниянын чет өлкөлүк кызматкерлерине иштөөгө уруксат алууда адиске жардам берет;
- Чет өлкөлүк кызматкерлерди Кыргыз Республикасында убактылуу каттоого алуу жана салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (ИНН) алуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- КГК жетекчилигинин расмий буйругуна ылайык, чет өлкөгө чыгуучу адамдарга чет өлкөлүк визаларды алууга көмөк көрсөтөт;
- Виза алуу үчүн документтердин тиешелүү пакетин даярдайт жана тариздейт;
- Паспорттордун, визалардын жана визалык камсыздоого байланышкан башка документтердин көчүрмөлөрүнүн архивдик иш-чараларын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
- Насаатчы-адистин милдеттерин күнүмдүк аткарууга көмөктөшүү, тактап айтканда, компаниянын кызматкерлерине, ошондой эле компаниянын конокторуна авиабилеттерди жана мейманканаларды өз убагында брондоону камсыз кылуу;
- Компаниянын жүргүнчүлөрү жана компаниянын аба транспорту боюнча өнөктөштөрү менен түздөн-түз жана туруктуу байланышта болот.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2024-жылдын 20-марты, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.