ТОО-КЕН ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮНҮН ДИСПЕТЧЕРДИК КЫЗМАТЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ТОО-КЕН ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮНҮН ДИСПЕТЧЕРДИК КЫЗМАТЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 10 January 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 24.01.2025, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн диспетчердик кызматына эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Техникалык окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө диплом (2019-жылдан 2024-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
  • VBA боюнча атайын билим жана көндүмдөр (макросторду жазу), SQL (БД коштоо + SQL скрипттерин түзүү), SSRS (отчетторду түзүү), Power Bi (отчетторду түзүү), Linux;
  • Натыйжалуу коммуникация көндүмдөрү;
  • Кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө умтулуу;
  • Позитивдүү эмоционалдык мамиле;
  • Жеке сапаттары: эмгекчилдик, тырышчаактык, командада иштей билүү;
  • Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө ылайыктуу болуу;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, программаны билүү (MS Office)

Милдеттери:

  • Кенди ачык иштетүүдө коопсуз иштөө ыкмаларын үйрөнүү жана түшүнүү;
  • Отчеттук системаларды башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү көндүмдөрүн өздөштүрүү;
  • Карьерде колдонулган алдыңкы технологиялар менен таанышуу;
  • Диспетчердик кызматтын жана MineSense системаларынын ишмердүүлүгүн изилдөө;
  • Түздөн-түз жетекчинин ар кандай тапшырмаларын аткаруу;
  • Такшалманын бүткүл мезгилинде Компаниянын саясатында белгиленген коопсуздук эрежелерин жана нормаларын, ошондой эле эмгек тартибин сактоо

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Такшалма графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2025-жылдын 24-январы, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.