ЖАБДУУ БОЮНЧА АДИС
Жарыяланган: 18 July 2022
Жабык
«Кумтɵр Голд Компани» ЖАК
тɵмɵнкү бош кызмат орду жɵнүндɵ жарыялайт
Жабдуу боюнча адис (Бишкек кеӊсеси)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-204
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгү үчүн сатылып алынган товарлардын рыногун жана баасын талдоо;
- Жеткирүүчүлөрдү издөө, жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын изилдөө, чыгымдарды оптималдаштырууга жана/же өндүрүмдүүлүктүн сапатын жогорулатууга жардам берген негиздүү сунуштарды даярдоо;
- Сатып алууларды жана керектөөнү талдоо;
- Келип түшкөн тапшырык заявкаларын талдоо жана иштеп чыгуу;
- Сатып алууга тапшырыктарды даярдоо, жайгаштыруу, экспедициялоо;
- Кооптуу жүктөрдү ташуу режимдерин колдонуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жеткирүү шарттарын макулдашуу;
- Техникалык талаптарга ылайык, тапшырыктардын өз убагында аткарылышын көзөмөлдөө, жеткирүүчүлөргө тапшырыктарды даярдоо;
- Бүтүмдөрдү документтештирүү;
- Келишимдерди, тапшырык заявкаларын жана башка документтерди даярдоо, сүйлɵшүүлɵрдү жүргүзүү, ошондой эле документтерди архивдөө.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Жогорку билим;
- Сатып алуу, логистика тармагында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
- Компьютерде иштей билүү (MS Office пакети), Excel программасын мыкты билүү;
- Бизнес системалары менен иштөө тажрыйбасы болуу;
- Жогорку аналитикалык көндүмдөр, көп тапшырма режиминде чоң көлөмдөгү маалымат менен иштөө жөндөмдүүлүгү;
- Мыкты команда менен иштөө жана коммуникация түзүү көндүмдөрү, ишине так болуу, тырышчаак, стресске туруктуу болуу;
- Англис тилин Intermediate деӊгээлинен төмөн эмес билүү (артыкчылыкка ээ).
Анкета жана резюмени 2022-жыл 29-июль саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-204.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭӉ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.