ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

Жарыяланган: 20 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасында Инженердик-геологиялык бөлүмүнө 2022-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Маркшейдердик иш”, “Ачык тоо-кен иштери”, “Жер алдындагы кендерди иштетүү”, “Тоо өндүрүшүнүн физикалык процесстери” багыттары боюнча 3 же 4-курсунун студенттери ( 5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерде жана MS Office, AutoCAD программаларында иштей билүү;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Геодезиялык приборлорду изилдөө, аспаптарды жана аларды колдонууну үйрөнүү жана өздөштүрүү;
  • Геодезиялык аспаптарды пайдаланып коопсуз маркшейдердик съемка жасоо жана картадан чыгаруу;
  • Ишенимдүү натыйжаларды алуу үчүн шлам үлгүлөрүн тандап алуу методологиясын изилдөө;
  • Карьердин бооруна байкоо чекиттерин орнотуу жана съемка жүргүзүү боюнча нускамаларга ылайык жумуштарды коопсуз аткаруу, пъезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу жана съемка жүргүзүү;
  • Туюккап чарба объекттилерине коюлган талаптарды өздөштүрүү;
  • Жардыруу ишинин жалпы түшүнүктөрү менен таанышуу. Кендердин физикалык-механикалык касиеттеринин жана БЖИ параметрлеринин жардыруунун сапатына таасири.

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү тажрыйба
  • Практика мөөнөтү – 3 ай
  • Практика өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.