ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

Жарыяланган: 20 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасында Бургулоо-жардыруу иштер(БЖИ) бөлүмүнө 2022-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Жардыруу иштери”, “Ачык тоо-кен иштери”, “Жер алдындагы кендерди иштетүү”  багыттар боюнча 3 же 4-курсунун студенттери ( 5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат:
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Тоо-кен иштерин жүргүзүүдө жалпы коопсуздук талаптарын үйрөнүү;
  • Жардыруу ишиндеги жалпы түшүнүктөр, тоо тектеринин физикалык-механикалык касиеттеринин жана БЖИ параметрлеринин жардыруу сапатына тийгизген таасири менен таанышуу;
  • Жардыруу скважиналарын заряддоо техникалары менен технологиясын үйрөнүү;
  • Тажрыйбалуу адистин көзөмөлү астында скважинанын забойкасын аткаруу;
  • Жардыруу заттарын даярдоо процессин изилдөө;
  • Жардыруу учурунда коопсуз аралыкты аныктай билүү;
  • Эсептөөлөрдү жүргүзүү, БЖИ паспортторун жана долбоорлорун түзүү;
  • “BlastMaker” ПТК менен таанышуу;
  • Kobus жана Minesense системасынын иштөө принциби менен таанышуу;

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү тажрыйба
  • Практика мөөнөтү – 3 ай
  • Практика өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.