ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
Жарыяланган: 20 April 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасында Алтын ылгоо фабрикасынын техникалык контроль бөлүмүндө (АЫФ ТКБ) 2022-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Түстүү металлдардын металлургия”, “Кен байлыктарын байытуу” багыттары боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Белгиленген нормаларга ылайык технологиялык чен-өлчөмдөрдү жана анализдерди, физика-химиялык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Эксперименталдык иштерди жүргүзүү;
- Өндүрүштүк сыноолорго катышуу;
- Бекитилген формада отчеттуулукту даярдоо жана берүү.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү тажрыйба
- Практика мөөнөтү – 3 ай
- Практика өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.