ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
Жарыяланган: 20 April 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасында Инфраструктура жана долбоорлор бөлүмүнө 2022-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Өндүрүштүк жана жарандык курулуш” же “Курулуш техникасы жана технологиясы” чектеш багыттардын 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Компьютерде жана MS Office, AutoCAD, MapInfo программалында иштей билүү;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Курулуш өндүрүшүнүн (жер иштерин, пайдубалдарды жана фундаменттерди даярдоо, металл конструкцияларынын монтажы, тосмо конструкцияларды орнотуу, чатыр жабуу иштери) ыкмаларын жана өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү жана изилдөө;
- Техникалык жабдууларды жана инженердик тармактарды орнотуу, имараттардын жана курулмалардын жана жабдуулардын пландык-тейлөө ремонт иштерин учурдагы кен иштетүү ишкана шарттарында жүргүзүү;
- Курулуш объектинде курулуш жабдууларын, инструменттерди жана түзмөктөрдү коопсуз иштетүүнүн негизги техникалык өзгөчөлүктөрү жана ыкмалары менен таанышуу;
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү тажрыйба
- Практика мөөнөтү – 3 ай
- Практика өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.