ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
Жарыяланган: 20 April 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасында Алтын ылгоо фабрикасынын пробирдик-аналитикалык лабораториясында (АЫФ ПАЛ) 2022-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Химия” же “Химиялык технологиялар(инженериялар)” багыты боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
- Лабораториялык жабдууларды билүү (спектрометрлер, титраторлор)
- Тилдерди билүү артыкчылыкка ээ болот;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
- Аллергиялык оорулар жок болуу;
Милдеттер:
- Тике жетекчинин тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
- ПАЛ ишмердигинин процесстерин изилдөө;
- Пробирдик-аналитикалык лабораторияга келген геологиляык жана технологиялык пробаларды каттоо, сорттоо, ситолук анализге, плавкага даярдоо;
- Жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин сактоо;
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү тажрыйба
- Практика мөөнөтү – 3 ай
- Практика өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.