ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
Жарыяланган: 01 June 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР бөлүмүнө 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Маалымат технологиялар” багыты боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
- ПКнын түзүлүшүн, түйүндүк технологиялардын негиздерин, кардардык ОСти билүү: MS Windows 10, MS Office 365, MS Teams, One Drive, SharePoin;
- Англис тилин билүү (техникалык адабиятты окуй ала турган деӊгээлде);
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- MS Windows 10 Enterprise, MS Office 365 операциондук системалары жана башка программаларды орнотуу жана ырастоо боюнча жардам көрсөтүү;
- Service Desk системасындагы кайрылуулар менен иштөө;
- Мониторинг системалары көрсөткөн окуяларга жооп кайтаруу;
- Типтүү кайрылууларды чечүү боюнча билим базасын даярдоого катышуу;
- МТ-конфигурацияларынын маалымат базасын жүргүзүү;
- Иш кагаздар менен иштөө.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү тажрыйба
- Практика мөөнөтү – 2 ай
- Практика өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
- Анкетаны жана документтерди 2021-ж 15-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
- Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.
Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.