ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
Жарыяланган: 01 June 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО бөлүмүнө 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Геология” багыты боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
- Геология, минералогия, стратиграфия жана тектоника негиздерин билүү, микроскоп менен негизги иштөө көндүмдөрү болуу;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Компьютерде жана MS Office, AutoCAD, MapInfo программалында иштей билүү;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Геологиялык иштердин түрлөрү жана методдору менен таанышуу;
- Байкоо чекиттери менен проба алууларды баяндоо менен геологиялык маршруттарга катышуу;
- Минералдашуу зоналары менен башка элементтерди түшүрүпд деталдуу участоктордун геологиялык карта фрагменттерин түзүү;
- Участкалык геологдун байкоосу алдында геологиялык скважиналардан алынган керн пробаларын каттоо;
- Жер үстүндөгү тоо-кен выработкаларды – казылган арыктарды, бульздозер менен алынган жер оюктарын жана геохимиялык профильдерди табигый кендин ачыкка чыгуулары боюнча каттоо;
- Жайкы практиканын жыйынтыгы боюнча отчет түзүү үчүн геологиялык материалдарды чогултуу жана үлгүлөр жыйнагын топтоо.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү тажрыйба
- Практика мөөнөтү – 2 ай
- Практика өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
- Анкетаны жана документтерди 2021-ж 15-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек
- Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.
Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.