ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
Жарыяланган: 01 June 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасынан АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО бөлүмүнө 2021-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун“Жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу”, ” же “Өндүрүштүк экология” же чектеш багыттардын 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
- Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
Милдеттер:
- Суу, суу түбүндөгү катмарлардан, грунттан пробаларды алууга катышуу;
- Пробаларды даярдоо жана көз карандысыз лабораторияларга жөнөтүү;
- Бөлүмдүн лабораториясында экспресс анализдерди жүргүзүү;
- Сууга, жер кыртышына, абага, флорага жана фаунага экологиялык мониторинг жүргүзүү;
- Ичүүчү сууну, чарбалык-тиричилик жана өнөр жай агындыларын тазалоонун технологиялык процесстери менен таанышуу.
Практика шарттары:
- Акы төлөнүүчү тажрыйба
- Практика мөөнөтү – 2 ай
- Практика өтүү жери – Кумтөр кени
- Жумуш графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруп, окуу жайдан маалымкатты тиркөө керек. Анкетаны бул жерден алса болот.
- Анкетаны жана документтерди 2021-ж 15-июнь саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
- Анкетаӊызды электрондук дарекке жөнөткөндө, каттын темасына сөзсүз түрдө «Жайкы практика программасы» деп көрсөтүү керек.
Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.