СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ОПЕРАЦИОНДУК МОНИТОРИНГ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ОПЕРАЦИОНДУК МОНИТОРИНГ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 25 November 2024

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 09.12.2024, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Стратегиялык өнүктүрүү жана операциондук мониторинг бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. 

Талаптар:

  • Жогорку тоо-кен жана техникалык билим (2019-жылдан 2024-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
  • Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
  • Натыйжалуулук жана тартип;
  • Компьютерди ишенимдүү колдоно билүү, MS Office (Power Point Excel, Word) программасын билүү;
  • Тактык, командада иштей билүү;
  • Орус тилин жакшы билүү, англис тилин билүү артыкчылык болот.

Милдеттери:

  • Тобокелдиктерди башкаруу боюнча иш-чараларды жана иш-аракеттерди иштеп чыгуу үчүн материалдарды чогултуу жана даярдоо;
  • Тобокелдиктердин реестрин жана жакшыртуу долбоорлорунун реестрин түзүү жана мониторинг жүргүзүү;
  • Тобокелдиктерди аныктоо жана үзгүлтүксүз жакшыртуу демилгелерин ишке ашыруу боюнча бөлүмдөрдүн жетекчилери менен иштөө;
  • Жакшыртуу долбоорлорунун ишке ашырылуусуна көзөмөл жүргүзүү;
  • Тиешелүү отчеттуулукту жүргүзүүгө көмөктөшүү;
  • Түздөн-түз жетекчисинин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткаруу;
  • Коопсуздук эрежелерин жана компаниянын саясатын сактоо.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2024-жылдын 09-декабры, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.