КҮЙҮҮЧҮ-МАЙЛООЧУ МАТЕРИАЛДАР КАМПАСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
Жарыяланган: 15 June 2022
Жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Күйүүчү-майлоочу материалдар кампасынын жетекчиси (Балыкчы ш.)
Билдирүүнүн номери: KGC-22-184
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Белгиленген тартипте чогулуштарды жана коопсуздук боюнча инструктаждарды өткөрүү;
- Кызматтык нускамаларда көрсөтүлгөн ченемдердин жана эрежелердин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартуу;
- Мунайгаз базасынын аймагынын тазалыгына жана анын коопсуз иштешине жоопкерчилик тартуу;
- ӨН №10–04 нускамасынын эрежелерине ылайык безновозторду жүктөө, түшүрүү, темир жол цистерналарынан күйүүчү майды төгүү иштерин башкаруу;
- Мунайгаз базасында, заправкада, жана ошондой эле ижарага алынган мунайгаз базаларында күйүүчү май жүктөрүн кабыл алууну жана берүүнү көзөмөлдөө;
- Жүк ташуу документтерин берүү жана бардык керектүү маалыматтарды Өткөөл базанын жетекчисине берүү;
- Келүүчү күйүүчү май жүктөрү үчүн бардык документтерди кабыл алуу жана бекитүү;
- Кызматтады контролдоо үчүн башка компаниялар менен байланыш түзүү;
- Физикалык баланс, негизги жабдууларды текшерүү жана оңдоо журналдарын талаптарга, эрежелерге ылайык жүргүзүү;
- Кабыл алынган жана берилген күйүүчү майдын сапатын контролдоо, резервуарлардагы, ижарага алынган резервуарлардагы жана заправкалардагы цистерналардагы күйүүчү майдын калдыктарын өлчөө.
МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:
- Жогорку билим;
- Профили боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуу;
- Стационардык, контейнердик жана көчмө май куюучу станцияларды эксплуатациялоо боюнча коопсуздук эрежелерине ылайык келген квалификациялардын болушу (Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министрлигинин 2000-жылдын 10-апрелиндеги № 3/1 буйругу менен бекитилген);
- Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген жана бекитилген мамлекеттер аралык ГОСТторго ылайык мунайзаттарды кабыл алуу, сактоо, эсепке алуу жана берүү эрежелерин билүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы мунайзаттарды контролдоо жана эсепке алуу боюнча Кыргыз Республикасынын эрежелерин, ченемдерин жана ченемдик актыларын билүү.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 29-июнь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-184.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.