ШАХТЕРЛОР КҮНҮ МЕНЕН ЧЫН ЖҮРӨКТӨН КУТТУКТАЙБЫЗ!

ШАХТЕРЛОР КҮНҮ МЕНЕН ЧЫН ЖҮРӨКТӨН КУТТУКТАЙБЫЗ!

Жарыяланган: 26 August 2024

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди Шахтерлор күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Күн сайын жер астына түшүп, жалпы элдин бакубатчылыгы үчүн жасап жаткан ак эмгегиңердин акыбети кайтсын.

Силердин кесип – чыдамкайлык менен эрктүүлүктү, жоопкерчилик менен зор чеберчиликти талап кылган абдан маанилүү тармак. Биз Сиздердей өз ишине берилген чыныгы кесипкөйлөр менен бирге иштешип жатканыбызга сыймыктанабыз.

Жер астындагы ишиңиз коопсуз болуп, жасаган ишиңиз ар дайым кубаныч тартууласын.

Ар бириңиздерге, жакындарыңыздарга чын ден соолук, бакубатчылык жана  зор ийгиликтерди каалайм.

Терең урматым менен,
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын президенти А. Барыктабасов