Жарыяланган: 15 March 2025
Бишкек мэриясы шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча 2 айлык ишмеблик жарыялады.
Кумтөр ишканасы мэриянын бул демилгесин кызуу колдоого алып, Башкармалыктын, Мүдүрлөр кеңешинин мүчөлөрү жана Бишкек шаарындагы башкы кеңсенин кызматкерлери жапа тырмак ишембиликке чыгышты.
Иш-чаранын алкагында ишкананын кызматкерлери административдик имараттын айланасына карагайдын көчөттөрүн отургузуп, тегерек-четин ар кандай таштандылардан тазалашты.
«Кумтөр Голд Компанин» өкүлдөрү жаздын келиши менен үзгүлтүксүз өткөрүлө баштаган ишембиликтерге шаар тургундарын активдүү катышууга чакырды.
Ишембиликке катышуу – ар бирибиздин жарандык гана милдетибиз эмес, бул – шаардын экологиясын жакшыртууга өз салымыбызды кошуу мүмкүнчүлүгү. Жашылдандыруу, экологиялык демилгелерди колдоо жана туруктуу инфраструктураларды өнүктүрүү – «Кумтөр Голд Компанинин» корпоративдик стратегиясынын маанилүү бөлүгү.