Бош кызмат орду жөнүндө жарыялоо Унаа жуугуч
Жарыяланган: 18 July 2023
КЫЗМАТ ОРДУ: Унаа жуугуч
БӨЛҮМ: Техникалык кызмат
ИШТЕГЕН ЖЕРИ: Балыкчы өткөөл базасы
ИШ ТАРТИБИ: 4/4
БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ: KGC – 23–117
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Түздөн-түз жетекчисинен жууп-тазалоо жана оңдоо иштерин аткарууга буйрук кабыл алуу;
- Автоунаанын жабдууларын жууш үчүн автоунааны алдын ала текшерүү;
- Стационардык жуугуч орнотмонун алдын ала текшерүүсүн жүргүзүү;
- КГКнын жабдууларын, автоунаа каражаттарын БӨБтүн унаа жуучу жайда коопсуз жууп-тазалоо;
- Тазалоочу курулмалардын жана ашыкча агынды суулардын резервуарынын толтурулушун көзөмөлдөө, суунун жана кирдин ашып кетишине жол бербөө;
- Тазалоочу курулмаларды тазалоо;
- Жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин сактоо;
- Жабдууларды алдын ала текшерүү жана аткарылган иштер боюнча белгиленген отчетторду толтуруу;
- Унаа жуугучтун колдонуусунда болгон жабдуулардын коопсуз жана кылдат иштешин камсыз кылуу, унаа жуучу жайдын аймагынын коопсуздугун текшерүү;
- Кыш мезгилинде тайгак беттерди, муздарды жок кылуу үчүн тайгак беттерге инерттүү материалдарды себүүнү жүргүзүү, жуучу жайда суунун топтолушун өз убагында жоюу.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Орто-техникалык билим;
- Жуугуч жабдуулардын түзүлүшүн, иштөө принцибин жана техникалык эксплуатациялоо эрежелерин билүү;
- Жуугуч жабдуулардын негизги түрлөрүн жана принциптерин билүү;
- Унаа жуугуч аракеттерин аткарууда коопсуз ыкмаларды билүү.
Анкета жана резюмени 2023-жыл 31-июлу саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме боюнча алса болот (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-23–117.
ЭСКЕРТҮҮ! БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.