Жарыяланган: 15 March 2012
2011-жылы «Кумтөр» кен ишканасында 583 156 унция* же 18,1 тонна алтын өндүрүлгөн. Сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 599 494 унцияны же 18,6 тоннаны түздү.
2010-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу тоо-кен иштеринин көлөмү 29%га көбөйгөн, а казылып алынган руданын көлөмү 4%га өскөн. 12 айда алтын ылгоочу фабрикага берилген рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 3,79 граммды түздү, а алтынды бөлүп алуу 80,8%га жеткен.
Жылдын жыйынтыктары боюнча жалпы капиталдык чыгымдар 180,7 млн. долларды**, а геологиялык чалгындоого чыгымдар – 12,7 млн. долларды түздү. Салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр 173,7 млн. доллардан ашып кетти, ал 8 миллиард сомдон ашуун сумманы түзөт.
Башка өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр №№ 2 жана 3 таблицаларда келтирилген.
«Кумтөр» кен ишканасындагы өндүрүштүн акыркы продуктысы болуп Доре*** уютмасы саналат, ал «Кумтөр Оперейтинг Компани», «Кыргызалтын» ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаж ишканасында андан ары кайра иштетилүү үчүн «Кыргызалтын» Ачык акционердик коому тарабынан сатылып алынат. Тазаланган алтынды жана күмүштү Кыргыз Республикасында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүү укугуна «Кыргызалтын» ААКсы гана ээ.
2011-жылы геологиялык чалгындоо иштери борбордук карьерде, ошондой эле концессиялык аянттын чектеринде улантылды.
Активдүү геологиялык чалгындоо, анын ичинде борбордук карьердеги геологиялык чалгындоо программасынан улам, 2011-жылы 709 миң унция иштетилгенин эске алганда да, запастар 6,3 млн. унциядайды түзөт. Борбордук карьердеги SB зонасынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү изилдөөлөр ачык ыкма менен иштетүүгө жарактуу запастардын көбөйүүсүн берди.
Бургулоо иштеринин натыйжаларынын толук тизмеси жана «Кумтөр» кен ишканасынын көмөкчү карталары Маалыматты электрондук издөө жана анализ системасында (SEDAR) жайгаштырылган жана компаниянын сайтында: www.centerragold.com. жеткиликтүү.
Таблица 1
Кумтөр кенинин запастары жана ресурстары****
2011-ж. 31-декабрына карата абалдагысы |
Миң тонна руда |
Алтындын курамы г/т менен |
Алтыны бар |
Иштетүү методу |
|
---|---|---|---|---|---|
Миң унция |
Тонна |
||||
Алтындын запастары: | |||||
– тастыкталгандары | 3 023 | 1,6 | 153 | 4,76 | АЫ***** |
– прогноздолгондору | 56 671 | 3,4 | 6 125 | 190,51 | АЫ |
Запастар жалпысынан | 59 694 | 3,3 | 6 278 | 195,27 | АЫ |
Ресурстар: | |||||
– эсептелгендери | 43 262 | 2,3 | 3 141 | 97,70 | АЫ |
– болжолдонулгандары | 22 687 | 2,3 | 1 658 | 51,57 | АЫ |
Эсептелген жана болжолдонулган ресурстар жалпысынан | 65 949 | 2,3 | 4 799 | 149,27 | АЫ |
Алдын ала бааланган ресурстар | |||||
– борбордук карьер**** | 9 195 | 2,4 | 694 | 21,59 | АЫ |
– жер астындагы штокверк зонасы | 1 633 | 12,0 | 629 | 19,56 | ЖИ***** |
– жер астындагы SB зонасы | 4 040 | 13,6 | 1 760 | 54,74 | ЖИ |
Алдын ала бааланган ресурстар жалпысынан | 14 868 | 6,5 | 3 083 | 95,89 |
**** – Запастар жана ресурстар өзүнө борбордук карьерди, ошондой эле түштүк-батыш, түндүк-батыш жана Сары-Төр участокторун камтыйт.
***** – АЫ – ачык ыкма менен иштетүү; ЖИ – жер астындагы ыкма менен иштетүү.
● ● ●
Таблица 2
Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр
IV квартал, 31-декабрга карата |
12 ай, 31-декабрга карата |
|||||
---|---|---|---|---|---|---|
2011 |
2010 |
Өзгөрүүлөр |
2011 |
2010 |
Өзгөрүүлөр |
|
Өндүрүлгөн алтын (унция менен) | 138 696 | 228 433 | (39%) | 583 156 | 567 802 | 3% |
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) | 4 313,9 | 7 105,1 | (39%) | 18 138,2 | 17 660,6 | 3% |
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен) | 141 897 | 209 929 | (32%) | 599 494 | 568 390 | 5% |
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг менен) | 4 413,5 | 6 529,5 | (32%) | 18 646,4 | 17 678,9 | 5% |
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы (унциясына АКШ доллары менен) |
1 689 | 1 376 | 23% | 1 570 | 1 239 | 27% |
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн. АКШ доллары менен) | 239,7 | 288,9 | (17%) | 941,1 | 704,3 | 34% |
Жалпы өндүрүштүк чыгымдар (амортизацияны жана эскирүүнү эске алуу менен)(млн. АКШ доллары менен) | 112,1 | 79,7 | 41% | 392,1 | 291,1 | 35% |
Дүң кирешеге салык + Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос (млн. АКШ менен) | 36,7 | 13,8 | 166% | 142,1 | 102,5 | 39% |
Капиталдык чыгымдар (млн. АКШ менен) | 28,5 | 53,3 | (47%) | 180,7 | 186,5 | (3%) |
Геологиялык чалгындоолорго чыгымдар (млн. АКШ менен) | 2,7 | 3,7 | (27%) | 12,7 | 11,5 | 10% |
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) | 37 124 | 29 561 | 26% | 150 605 | 116 466 | 29% |
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) | 1 095 | 2 812 | (61%) | 6 020 | 5 765 | 4% |
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) | 1 450 | 1 303 | 11% | 5 815 | 5 594 | 4% |
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) | 3,80 | 7,06 | (46%) | 3,79 | 4,02 | (6%) |
Алтынды бөлүп алуу пайызы (пайыз менен) | 77,6 | 84,1 | (8%) | 80,8 | 79,5 | 2% |
2011-жылдын 12 айында компания тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, КРнын Социалдык фондуна которуулар түрүндө төлөмдөр, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөр 173,76 млн. доллардан ашып кетти, ал КРнын Улуттук банкынын 2011-жылдын 31-декабрына карата курсу боюнча 8 млрд. 77 млн. сомдойду түздү.
Таблица 3
“Кумтөр” долбоору боюнча 2011-жылдын 12 айындагы салык жана милдеттүү которуулар
2011-жылдын 31-декабрына карата |
Миң АКШ доллары менен |
---|---|
Дүң кирешеге салык | 131 271,0 |
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос | 10 790,1 |
Экологиялык төлөм | 310,0 |
Киреше салыгы | 5 022,2 |
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр | 24 268,8 |
Бажы төлөмдөрү | 1 080,7 |
Резидент эместердин кирешелерине салыктар | 950,3 |
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар | 69,5 |
Жалпысынан | 173 762,7 |
Маалымат үчүн: 31. 12. 2011-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу |
46,4847 |
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти млн. сом менен | 8 077,308 |
Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң кирешеге салыкты жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусуна взносторду эсептөө үчүн база катары көрсөтүлгөн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндөгү акчалай түшүүлөр саналат.
Мурда билдирилгендей, 2011-жылдын майында «Центерра Голд Инк.» («Центерра») компаниянын Торонтодогу биржада катталган бардык акционерлерине дивиденддерди төлөп берди.
«Кыргызалтын» ААКсы, «Центерранын» акцияларынын эң ири – 33%га жакынынын кармоочусу болуу менен өзүнүн баалуу кагаздары боюнча 30 млн. 167 тыс. доллар суммадагы таза киреше алды.
2011-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суранычы боюнча, «Кумтор» Кыргызстандын мектептеринин курулушуна жана реконструкциялоого 10 миллионов доллар бөлдү.
2011-жылы Кыргыз Республикасынын территориясындагы төлөмдөр (салыктарды, аффинаж үчүн акыны, товарларды жана кызматтарды бергени үчүн жергиликтүү берүүчүлөргө төлөөлөрдү, инфраструктура, кайрымдуулук ж.б. төлөмдөрдү кошо алганда) 383 млн. доллардан ашып кетти.
Жалпысынан компания иштеген 1994-жылдан 2011-жылга чейинки мезгилде «Кумтөралтын» долбоору боюнча Кыргызстандын территориясындагы төлөмдөр 1 миллиард 852 миллион долларга жеткен.
Республиканын территориясындагы жалпы төлөмдөрдүн структурасы №4 таблицада келтирилген.
КРнын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча:
● «Кумтөрдүн» өлкөнүн ИДПсындагы үлүшү 2011-ж. 11,7%ды түздү;
● «Кумтөрдүн» өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 26,1%ды түздү;
● Экспорттун жалпы көлөмүндөгү алтындын үлүшү 2011-ж. 51,1%ды түздү.
Таблица 4
«Кумтөр» долбоорунун Кыргыз Республикасынын территориясындагы төлөмдөрүнүн структурасы
Млн. доллар менен |
2011-ж. |
1994 – 2011-жж. |
---|---|---|
Салык, бажы ж.б. милдеттүү төлөмдөр | 138,394 | 524,259 |
Кыргыз Республикасынын Соцфондуна төлөмдөр | 24,269 | 72,476 |
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос | 10,790 | 23,036 |
Лицензиялар жана уруксат берүүлөр үчүн акы төлөөлөр | 0,280 | 2,019 |
Экологиялык төлөмдөр жана курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин пайдасына которуулар | 0,310 | 3,439 |
«Кыргызалтын» ААКсынын пайдасына төлөмдөр | 0,607 | 11,421 |
Аффинаж үчүн акы төлөө | 2,947 | 34,197 |
«Центерранын» акцияларын сатып өткөрүүдөн түшкөн каражат | – | 86,000 |
Дивиденддер | 30,167 | 44,413 |
Кыргыз Республикасындагы сатып алуулар: – берүүлөр жана кызматтар |
79,953 | 482,836 |
– азык-түлүк продуктылары | 4,949 | 41,193 |
КРнын инфраструктурасына тиешелүү төлөмдөр: – электр энергиясы |
12,429 | 108,399 |
– кен ишканасынан тышкары жолдорду жакшыртуу жана тейлөө | 1,559 | 33,802 |
– «Тамга-Кумтөр» ЭБЛ | – | 41,612 |
КОКтун кызматкерлеринин таза эмгек акысы | 64,793 | 312,076 |
Санатордук дарылануу | 0,120 | 0,608 |
Билим берүүнү колдоо, стипендиялар жана окутуулар | 0,109 | 3,765 |
Демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамдары | 1,211 | 9,866 |
Мектептерди курууга жана реконструкциялоого жардам | 10,000 | 10,000 |
Регионду туруктуу өнүктүрүү программасы | 0,286 | 2,205 |
Жергиликтүү жамааттарга төлөмдөр боюнча макулдашуу | – | 4,400 |
Жалпысынан | 383,172 | 1 852,023 |
– Биз 2011-жылдын планын аткара жана ишканада коопсуздук техникасы боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетише алдык. 2012-жылы биздин алдыбызда жаңы масштабдуу милдеттер турат. Биз тоо-кен техникасы паркын олуттуу толукташыбыз, жер астына жантайыңкы түшүүчү жерлерди бириктиришибиз жана төртүнчү кварталда карьердин түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү рудалуу жерге жеткенибизде алтынга бай руданы казып алууга көңүл топтошубуз керек. Ушуга байланыштуу, жылдын башталышында, өндүрүштүк планга ылайык, минимум продукция чыгаруу белгиленген, а жалпы өндүрүлүүчү алтындын жалпы көлөмүнүн максимуму жылдын аягына туура келет. Быйылкы жылдын февралындагы кен ишканасынын жумушчуларынын иш таштоосуна карабастан, биз өндүрүштүк милдеттерибизди аткара алабыз деп үмүттөнөбүз, – деп белгиледи «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Майкл Фишер.
● ● ●
«Кумтөр» кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан 2011-жылдын 31-декабрына чейин «Кумтөрдө» жалпысынан 8,4 млн. унция же 260,7 тоннадай алтын өндүрүлгөн.
“Кумтөр Оперейтинг Компани” «Кумтөр» долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.
Centerra Gold Inc. («Центерра») Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. «Центерра» түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана ири батыш компаниясы – Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. «Центерранын» акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.
Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин – 77 401 766 акциянын – 33%га жакынынын кармоочусу болуп саналат. 2012-жылдын 1-мартына карата Кыргызстандын акцияларынын пакетинин наркы 1 млрд. 546 млн. доллардан ашып кетти.
Азыркы учурда «Центерра» Кыргыз Республикасында жана Монголияда иштеп жаткан эки алтын кен ишканасына ээ. Андан тышкары, Компаниянын Монголиянын, Түркиянын, Кытайдын жана Россия Федерациясынын перспективалуу объектилеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө үлүштүк катышы бар.
«Центерра» жөнүндө кошумча маалымат SEDAR сайтында: www.sedar.com жана компаниянын сайтында: www.centerragold.com, жеткиликтүү, ошол эле жерден 2011-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот. «Кумтөр Оперейтинг Компани» жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.
________________________________________________________________________
* – Малымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
** – Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, анда бардык акча суммалары АКШ доллары менен келтирилген.
*** –Доре куймасы – «Кумтөр» кен ишканасындагы өндүрүштүн акыркы продуктысы, анда 85%га чейин алтын, ошондой эле күмүштүн, цинктин, жездин жана никелдин аралашмасы бар.
Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмгө кайрылыңыздар