ПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 27 January 2024
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн Персоналды башкаруу бөлүмүнө тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Экономика, юриспруденция, табигый-техникалык багыты боюнча жогорку билими тууралуу диплом;
- Заманбап программалык-техникалык жана офистик жабдууларды мыкты колдоно билүү;
- Мыкты коммуникация көндүмдөрү;
- Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон каалоо;
- Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
Милдеттери:
- Кадрлар жана алардын кыймылы менен байланышкан документтерди жүргүзүүгө жана сактоого көмөктөшүү;
- Иш кагаздарын жана архив иштерин жүргүзүүгө жардам берүү;
- Ишке орноштуруу боюнча кат алышууну жүргүзүү;
- Өзүнүн жетекчисинин буйруктарын аткаруу;
- Ички эмгек тартибинин (компаниянын саясатын) эрежелерин сактоо;
- Жетекчинин кызмат ордуна тиешелүү буйруктарын жана тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
- Купуя маалыматты жайылтпоо;
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Бишкек ш. кеңсе Такшалманын графиги – 5/2
- Такшалманын орду – Кен-ишканасы. Такшалманын графиги – 14/14.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык зарыл болгон документтерди 2024-жылдын 10-февралында саат 16:00 кеч эмес шилтемени басуу менен тиркеңиз:
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.