ОКУТУУ ЖАНА ПЕРСОНАЛДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 11 July 2024
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 25.07.2024, 16:00го чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн ОКУТУУ ЖАНА ПЕРСОНАЛДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.
Талаптар:
- «Юриспруденция», «Экономика», «Менеджмент», «Социология», «Маалымат технологиялары» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу;
- Компьютер жана MS Office, Google Docs, Zoom программаларында иштей билүү;
- Англис тилин жакшы билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкандык, команда менен иштей алуу;
- Медициналык жактан чың ден-соолукта болуу.
Милдеттер:
- Окуу арыздарын иштеп чыгуу жана окуу графигин түзүүгө жардам берүү;
- Ар кандай окутууларга кɵмɵктɵшүү;
- Окутуу маалымат базалары менен тапшырмаларды аткаруу;
- Документтер менен иштөөдө көмөк көрсөтүү;
- Окутууда техникалык, административдик жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүү.
Жумуш шарттары:
- Акы тɵлɵнүүчү такшалма
- Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
- Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2024-жылдын 25-июлундан саат 16.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.