Юрисконсульт
Жарыяланган: 05 July 2021
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
– Юрисконсульт
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0103
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун даярдоо;
- Документтердин юридикалык экспертизасы;
- Укуктук мүнөздөгү документтерди иштеп чыгуу;
- Укуктук маселелер боюнча кенеш берүү;
- Сот жана мамлекеттик органдарда компаниянын кызыкчылыгын коргоо жана анын атынан чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөрүүлөрдү жана мүмкүн болуучу укуктук тобокелдиктерди талдоо.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Жогорку юридикалык билим (күндүзгү формасында окуу);
- Кесиби боюнча 5 (беш) жылдан кем эмес иш тажрыйба, анын ичинде:
– чарбалык келишимдерди даярдоо жана юридикалык экспертиза жүргүзүү;
– локалдык актыларды иштеп чыгуу;
– доомат иштери;
– контрагенттердин, мамлекеттик органдардын катышуусу менен укуктук маселелерди чечүү;
– компаниянын кызыкчылыгынын коргоп анын атынан чыгуу жана сот талаштарына катышуу;
- Кыргыз Республикасынын корпоративдик, жарандык, эмгек, административдик, процесстик, жер жана экологиялык мыйзамдарын билүү;
- Кыргыз жана орус тилдерин мыкты билүү (англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет);
- Төмөнкү көндүмдөрдү мыкты билүү:- жазуу жүзүндө документтерди даярдоо;-маалыматтык-укуктук, компьютердик жана издөө системалары менен иштөө;
- Жоопкерчиликтүү, коммуникабелдүү, стресске туруктуу, командада жана өз алдынча иштей билүү;
- Тоо-кен компанияларында иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.
Анкета жана резюмени 2021-жыл 16-июль саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме боюнча алса болот.https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0103
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.