ДИЕТОЛОГ
Жарыяланган: 21 June 2022
Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Диетолог (Кумтөр кени)
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Рационалдуу жана баланстуу тамактанууну уюштуруу жана колдонуу;
- Кызматкерлер үчүн даярдалган меню, тамак-аш картотекасын түзүү боюнча колдонмо;
- Рационалдуу жана дарылык тамактануу маселелери боюнча кеңеш берүү;
- Рационалдуу жана дарылоо тамактануу натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү;
- Тамак-аш даярдоо блогунун ишин системалуу контролдоо;
- Диеталык рациондун химиялык курамын эсепөө;
- Медициналык офистин врачтарына диетотерапияга караштуу консультациялык жана методикалык жардам көрсөтүү;
- Кызматкерлердин арасында туура тамактануу маселелери боюнча санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү;
- Өз иши боюнча отчет түзүү, талдоо жүргүзүү.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Жогорку медициналык билим, диетология боюнча атайын даярдыку;
- Керектүү билимдер:
- саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамдардын негиздери;
- коомдук тамактануу кызматын уюштуруу боюнча жалпы билими;
- рационалдуу жана баланстуу тамактануунун негизги принциптери;
- тамак-аш даярдоо блогуна карата коюлган санитардык-гигиеналык талаптар;
- рационалдуу жана персоналдык баланстуу тамактануунун негиздери, азык заттарын жана энергиясын керектөөлөрү;
- азык заттардын жана азык-түлүктүн биологиялык ролу;
- тамак-аш азыктарына болгон гигиеналык талаптар жана аларды эксперттик баалоо методикалары;
- диетологиянын, организмде зат алмашуунун физиологиялык негиздери;
- организмде патологиялык процесстердин пайда болуу себептери, аларды алдын алууга таасир этүү механизмдери жана клиникалык көрүнүштөрү;
- дарылык кулинариянын негизги принциптери, дарылык диеталардын түзүмү;
Анкета жана резюмени 2022-жыл 04 июль саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме боюнча алса болот.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.