НОРМАТИВДИК БАЗАНЫ САКТОО ЖАНА ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 01 November 2023
ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
«Кумтор Голд Компани» ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн Нормативдик базаны сактоо жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнө эки жылдык такшалма үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
Багыттардын бири боюнча жогорку билим:
- Рудалык кендерди жер алдында жана ачык иштетүү, геология, маркшейдердик иш;
- Тоо-кен машиналары жана жабдуулары, тоо-кен өндүрүшүн электрлештирүү жана автоматташтыруу;
- Стандартташтыруу, сертификаттоо жана метрология;
- Айлана-чөйрөнү коргоо;
- Тил илими, архивди башкаруу жана бөлүмдүн иш кагаздарын жүргүзүү ж. б.
Милдеттери:
- Тоо-кен өндүрүшү, айлана-чөйрөнү коргоо жана метрология маселелери боюнча бөлүмдүн уруксат берүүчү документтеринин маалымат базасын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү.
- Лицензияларды, уруксаттарды жана макулдашууларды алуу үчүн документтердин зарыл пакетин чогултууга көмөк көрсөтүү.
- Бөлүмдүн адиси менен бирдикте тоо-кен өндүрүшүнүн, айлана-чөйрөнү коргоонун, метрологиянын ж. б. долбоорлорун коштойт.
- Нормативдик базанын сакталышы боюнча иш ыкмаларын изилдөө жана түшүнүү:
– Тоо-кен өндүрүшү тармагында;
– Айлана-чөйрөну коргоо тармагында;
– Техникалык түзүлүштөрдү, жабдууларды жана транспорт каражаттарын каттоодо жана техникалык күбөлөндүрүүдө, сыноодо;
– Приборлорду, өлчөө каражаттарын ж.б. каттоодо, калибрлөөдө жана колдонууда.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Бишкек шаары
- Такшалманын графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруу, шилтеме боюнча өтүп, бардык керектүү документтерди 2023-жылдын 15-ноябрында 16:00го чейин тиркөө.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.