МОНТАЖДОО БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ (КУМТӨР КЕНИ)

МОНТАЖДОО БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ (КУМТӨР КЕНИ)

Жарыяланган: 15 April 2025

ТАБЫШТАМАНЫ ТАПШЫРУУГА ЭҢ АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ:: 2025-жылдын 21-апрелинде саат 16:00 чейин.

“КГК” ЖАК жеке ишкерлерди (ЖИ) монтаждоо боюнча кызмат көрсөтүүгө чакырат.

КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ КЫЗМАТТАРДЫН СҮРӨТТӨЛҮШҮ:

  • Монтаждоо иштери учурдагы сертификаттардын алкагында жүргүзүлөт. Түтүктөрдү ширетүү, насосторду орнотуу, металл конструкцияларды орнотуу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Кесиптик-техникалык же орто билим.
  • Төмөнкү күбөлүктөрдүн болушу керек:
    – Полиэтилен түтүктөрдү жана геомембрананы ширетүүчү-монтаждоочу
    – Дизелдик электр генератордук орнотмолордун оператору
    – Болот жана темир-бетон конструкцияларын орнотуу боюнча монтаждоочу
    – Слесардык жабдуулар менен иштөө боюнча оператор
    – Бийик тоолуу шарттарда тажрыйбага артыкчылык берилет.
    – Кен ишканаларында жана карьерлерде саркынды сууларды чыгаруу боюнча иш тажрыйбага артыкчылык берилет.
  • Жакшы физикалык ден соолук.
  • Ак ниеттүүлүк, жооп кайтаруучулук, стресске туруктуу болушу.

ИШТӨӨ ШАРТТАРЫ:

  • Жыл бою;
  • 11 сааттык смена (күнүнө 7 смена / түнкүсүн 7 смена);
  • Вахталык иштөө режими 14/14;
  • Иштеген жери – Кумтөр кени.

Резюме 2025-жылдын 21-апрелинде саат 16.00дөн кечиктирбестен электрондук почта installer25@kumtor.kg аркылуу тапшырылышы керек.

ИНТЕРВЬЮГА ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУЛАРЫ ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.

 

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА